Айыл өкмөтүнүн тарыхы
Кара-Суу районунун Папан совхозу Кеңеш совхозунан 1976-жылы өзүнчө бөлүнүп чыгып, Катта-Талдык асыл тукум кой өстүрүү чарбасынын башкы ветврачы Маматажи Абдурасулов директор болуп дайындалып,1987-жылга чейин иштеген. Ушул 12 жыл ичинде көптөгөн иш аракеттер аткарылып Папан совхозунун конторасы, клуб, спорт зал, мектептер, чоң универмаг магазиндер, стадион, бассейн, банялар курулган, ошондой эле Папан совхозу кой чарбасын өнүктүрүү жаатында болгондуктан короо-сарайлар, областык денгээлдеги тоют цехи, кой кыркуу пункттары курулган.
1987-жылдын май айында Папан совхозунун директору болуп Кочкор Мырзаев дайындалып 1992-жылган чейин эмгектенген.
1992-1994-жж аралыгында Папан совхозунун директору болуп Абдимажитов Жоробек Жунусович дайындалган.
1994-жылдын декабрь айынан Папан совхозунун директору болуп Аскар Жумаев келген.
1995-жылы Папан совхозу менен айылдык кеңеш биригип Папан айылдык комитети болуп түзүлгөн.
1996-жылдын март айынан Папан айыл өкмөтү болуп түзүлүп айыл өкмөтүнүн башчысы болуп Аскар Жумаев дайындалып 1999-жылга чейин эмгектенген. 1999-2021-жж Турдубеков Спарбай, 2001-2002-жж Тотоев Азиз, 2002—2006-жж Муратов Жанибек, 2006-2009-жж Мырзабеков Медер, 2009-2018-жж Исмаилоа Эрмамат,2018-2021-жж Мияшев Курбанбек, 2021-2023-жж Алимбеков Нурзаман айыл өкмөтүнүн башчысы болуп иштеп келишкен. 2023-жылдын октябрь айынан Папан айыл өкмөтүнүн башчысы болуп Токтосунов Тагдырбек Токтосунович эмгектенип келет.