Бүгүн 14-апрель күнү Кара-Суу районунун 90 жылдыгына карата Папан айыл аймагында жаңыдан курулган 5 обьектинин ачылуу аземи болуп өттү, тактап айтканда Алчалы айылындагы ФАП имараты, Кызыл-Туу айылындагы Исмаилов Бакир көчөсүн асфальттоо, Чычкан-Кол айылындагы Таабалды Калыев көчөсүн асфальттоо, Арал айылындагы Жээнкул уулу Макамбай көчөсүн асфальттоо, Камыр-Суу айылындагы жаңыдан курулган мөмө-жемиш сактоочу логистикалык борборунун ачылышы. Салтанаттуу иш-чарага Кара-Суу райондук мамлекеттик администрациясынын башчысы аким Табалдиев Канат Касенович, Папан айыл өкмөтүнүн башчысы Токтосунов Тагдырбек Токтосунович, жергиликтүү кеңеш депутаттары, жеке ишкерлер жана жергиликтүү тургунрдар катышты. ФАПтын жаңы имаратынын курулуш иштеринин III-этабы 2024-жылдын август айында башталып, анда ага керектүү болгон бардык жабдуулар орнотулуп, төрт ай ичинде толугу менен аягына чыкты. Мында дарылоо, эмдөө, акушер-гинекологтун, терапевттин бөлмөлөрү бар. Асфальт төшөлгөн ички жолдор жергиликтүү жашоочулардын жол инфраструктурасын көтөрүүгө багытталган. Casa-1000 долбоорунун алкагында АРИС коомчулукту өнүктүрүү жана ивестициялоо Агеттиги менен биргеликте сметалык баасы 7 500 000 сомду түзгөн 300 тонна мөмө-жемиш сактоочу логистикалык борборунун курулушу