Бүгүн 15 май күнү Кара-Суу районунун 90 жылдыгына карата Папан айыл аймагында жаңыдан курулган 2 обьектинин ачылуу аземи болуп өттү.
Папан айыл аймагынын киребериш босогосуна арка курууга 2024-жылы жергиликтүү бюджеттен акча каражаты каралып долбоордук-сметалык иш кагаздары даярдалган, 2025-жылы ички инвестиция жеке ишкер Осмонов Курстан Каныбекович тарабынан жалпы сметалык баасы 4 100 000 сомду түзгөн курулуш иштери башталып, бүгүнкү күндө ачылуу аземи болуп өттү.
Папан айыл аймагынын айыл өкмөтүнө караштуу Камыр-Суу айылындагы
“Камыр-Суу Биримдиги” спрот залынын курулушу жеке ишкерлер тарабынан каржыланып, жалпы сметалык баасы 4 600 000 сомду түзгөн курулуш иштери 2024-жылы сентябрь айында башталып 2025-жылдын март айында пайдаланууга берилип салым кошкон жарандарга Ыраазычылык баракчалар жана Ардак грамотталар тапшырылды.
Бул иш-чаралар — Папан айыл аймагындагы жашоонун сапатын жакшыртууга жана экономикалык өнүгүүгө чоң салым кошкон маанилүү кадамдар болуп саналат.
Ошону менен бирге Папан айыл өкмөтүнүн Алчалуу айылындагы А.Семетеев атындагы орто мектебинин алдында жабык типтеги спорт аянтча курууга капсула салынды