Кара-Суу районунун Папан айыл өкмөтү

Кара-Суу районунун Папан айыл өкмөтү

Папан айыл өкмөтүндө элдик жыйын

Бүгүн, 18-февраль күнү, Папан айыл өкмөтүндө элдик жыйын болуп өттү. Эл менен жолугушууга Кара-Суу районунун мамлекеттик администрациясынын башчысы — аким Табалдиев Канат Касенович жана райондук мекеме-ишканалардын жетекчилери катышты.
Жыйында айыл өкмөтүнүн башчысы Тажибаев Казыбек Каныбекович 2025-жылдагы ишмердүүлүгү боюнча отчет берди. Ошондой эле 2026-жылга карата өнүктүрүү пландары менен тааныштырды.
Жыйындын жүрүшү талкуу менен уланып, тургундар тарабынан берилген суроолорго аким жана тиешелүү тармактардын жетекчилери жооп беришти.
Айтылган көйгөйлөрдүн ар бири район жетекчилиги тарабынан көзөмөлгө алынып, чечүү боюнча тиешелүү тармактарга тапшырмалар берилди.
Папан айыл өкмөтү.

Scroll to Top