Бүгүн Папан айыл өкмөтүндө аз камсыз болгон үй-бүлөлөрдүн балдарына майрамдык маанай тартуулоо максатында концерттик программа өткөрүлдү.
Бүгүн Папан айыл өкмөтүндө аз камсыз болгон үй-бүлөлөрдүн балдарына майрамдык маанай тартуулоо максатында концерттик программа өткөрүлдү. Иш-чарага айыл өкмөтүнүн башчысы К.К. Тажибаев катышып, балдарды майрамы менен куттуктап, жылуу каалоо-тилектерин билдирди. Ошондой эле жергиликтүү кеңештин төрагасы М.М. Мырзабеков куттуктоо сөзүн сүйлөдү. Майрамдын алкагында айыл өкмөтү тарабынан 60 балага белектер тапшырылды.

